COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 28-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкек шаарында дагы бир кишинин өмүрүн алды.
Бир күндө вирус дагы 162 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 80 535 адамды түздү. Анын 75 057си сакайганы айтылды. Бир күндө 237 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1349 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1265 бейтап стационарда, 1960 киши үй шартында дарыланууда. (NT)