Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Марат Аманкулов «Биримдиктен» кеткенин билдирди


Марат Аманкулов. Архивдик сүрөт.
Марат Аманкулов. Архивдик сүрөт.

«Биримдик» саясий партиясынын лидери Марат Аманкулов партия мүчөлүгүнөн баш тартып, лидерликтен да кетти. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Telegram» каналындагы кыска маегинде 27-декабрда билдирди:

«Ооба, бул чындык. Мен төрагалык кызматтан кетип, партиядан чыктым. Азыр эч бир партияда мүчө эмесмин. Эч бир партияга азырынча кирбейм».

Ошону менен катар Аманкулов Бекешевдин кийинки шайлоого катышуу тууралуу суроосуна жооп берип, «шайлоо да менин пландарыма кирбейт» деп билдирди жана илимий-агартуу ишмердүүлүгү менен алектенүү ниети бар экенин айтты.

Марат Аманкулов менен «Азаттык» байланыша элек. Ал жетектеген «Биримдик» партиясы 2013-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы биринчи орунду ээлеген. Кийин шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

5-октябрда нааразылык акциясына чыккандар «Биримдик» шайлоочулардын добушун сатып алып, административдик ресурсту колдонгонун айтып чыгышкан. Партия өкүлдөрү мындай айыптоону четке кагышкан.

Аманкуловдун «Биримдиктин» лидери катары сүйлөгөн сөзү шайлоо алдында коомчулукта кескин сын жараткан. Орусиядагы жыйындардын биринде айтканы жазылып, 26-сенябрда тараган кыска видеотасмада саясатчы:

«Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деген.

Аманкулов өзү бул тасманы атайын жасалган чагым деп баалаган. Видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. (RK)

XS
SM
MD
LG