Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

COVID-19: АКШнын CDC уюму Кыргызстанга 652 миң долларлык жабдык жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) Кыргызстанга 652 миң долларлык медициналык жабдыктарды бөлүп берди. Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги 28-декабрда билдиргендей, лабораториялык аппараттар Бишкек, Нарын, Ош шаарларына жана Нарын облусунун Ат-Башы районуна жеткирилип берилүүдө.

Жабдыктар COVID-19 вирусу бар-жогун аныкташ үчүн бир күндө 2700 адамга анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жалпысынан CDC уюму Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 1,38 миллион доллар бөлүп берүүдө.

Кыргызстанда коронавирус 1,5 миңдей адамдын өмүрүн алды, бул илдет 80 миңден ашуун адамга жукту. (RK)

XS
SM
MD
LG