Саудияда сот аялдардын укуктарын коргоп жүргөн белгилүү активистти улуттук коопсзудукка залака тийгизди деген негизде дээрлик алты жылга түрмөгө кести.
Ложаин ал-Хатлул падышалыктын терроризмге каршы сотунун 27-декабрдагы өкүмү менен түрмөдө беш жыл сегиз ай өткөрмөй болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Активистке өзгөртүүлөргө үгүттөгөн, коомдук тартипке зыян алып келүү максатында Интернетти колдонгон деген айып коюлду. Адвокаттары 30 күндүн ичинде өкүмдү сотто талаша алышат.
Хатлул аялдардын машине айдоо жана эркектин коштоосу жок жүрүү укуктарын жактап келген. 2018-жылы Сауд Арабиясында кыз-келиндерге машине айдоо укугу берилген.
31 жаштагы активисттин иши жана 34 айдан бери кармалып келатканы америкалык конгресмендердин, Европа Биримдигинин сынына кабылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери Хатлулга коюлган айыптарды «жок жерден ойлоп табылган доомат» деп баалашты.