Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

«Кыргызкөмүр»: уурдалган көмүрдүн 700 миң сомдук чыгымы кайтарылды


Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 6-октябрда саясий туруксуздук маалында Кара-Кече көмүр кенинен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен көмүр мыйзамсыз чыгарылып кеткен.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын тараткан маалыматы боюнча, анын ичинен 21 айдоочу аныкталып ишканага келтирилген 1 миллион сомдун 700 миң сому кайтарылды. Алар акчаны «Кыргызкөмүрдүн» кассасына төгүштү.

Окуяны Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат. Бети ачылган иштер соттук кароого жөнөтүлдү.

Өлкөдө 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрь күнү 10дон ашык партия Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Ал массалык башаламындыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер Жогорку Кеңештин жана президенттин администрациясы жайгашкан имаратты басып алышкан.

Ал күндөрү облустарда жергиликтүү бийлик жетекчилери алмашып, абал жөнгө салынгыча айрым мекемелерди күч менен басып алгандар болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG