Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Ырчы Султан Каримов оор дарт менен алышууда


Султан Каримов.
Султан Каримов.

Кыргыз эл артисти Султан Каримовдун дарыланышы үчүн каражат керек болуп жатат.

Кант диабетине кабылган ырчынын абалы быйыл июнда оорлошо баштаган. Анын саламаттыгы кескин начарлаганын өзү иштеген Улуттук филармониянын жетекчилиги да Интернеттен укту.

Коомчулукка мекенчилдик темасындагы ырлары жана коңур үнү менен таанылган Султан Каримов оор дартка кабылганын алгач коомдук ишмер Ассоль Молдокматова «Фейсбукка» жарыялап, арыктап, төшөктө жаткан ырчынын сүрөтүн чыгарды.

«Азаттыктын» кабарчысы 28-декабрда Султан Каримовго телефон чалып, абалын сурады. Ал саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратканын айтты:

«2015-жылдан бери кант диабети, панкреатит болчу. Эми бөйрөгүм пиелонефрит болуп... Инсулин алчу эмесмин. Дарысын иччүмүн, нормалдуу эле болчу. Быйыл июнда кант көбөйүп кетип, аябай оор абалда калдым».

Каримов Түркиядан дарыланууга 30 миң доллар керек болуп жатканын, Улуттук филармониядагы айлыгы 13 миң сом экенин айтты. Өкмөткө же өзү иштеген мекемеге жардам сурап, кайрылган эмес.

«Жардам сурагандан уялдым. Менден башка да көйгөй көп дегем. Ассоль Молдокматова болбой эле «Фейсбукка» чыгарды. Диета кармап, асма укол алып жатам. Асма уколдун деле кээ биринин бир амплуасы 500 сом»,- деди Султан Каримов.

Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов Султан Каримовдун ооруп калганы тууралуу башкалар сыяктуу Интернеттен билген. Муну ал коронавирустан улам кызматкерлер негизинен үйдө болгону менен түшүндүрдү:

«Өтө арыктап кеткен. «Ооруп калдыңбы?» деп сурасам, ачык деле айткан эмес. Көрсө ооруп калган экен. Бүгүнкү (28-декабрь) концерттин программасына аны киргизгенбиз, ырдамак. Бейтап экенин билбептирбиз. Филармониянын жамааты сүйлөшүп, колдон келген жардамыбызды беребиз».

61 жаштагы эстрада ырчысы Султан Каримов 20дай тилде ырларды аткарып жүрөт. Чыгармаларынын 30дан көбү алтын фонддо. Эл арасында «Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы», «Кыргызстан», «Ата мекен» жана башка ырлары белгилүү.

Жылдыз Осмоналиева.
Жылдыз Осмоналиева.

Маданият өкүлү, ырчы Жылдыз Осмоналиева Султан Каримов кыргыз заманбап музыкасынын өнүгүшүнө үлкөн салым кошкон инсан катары баркталууга тийиш деп эсептейт.

«Улуту уйгур болгону менен кыргыз улуттук музыкасын аябай мыкты деңгээлде аткарды, - деди ал. - Сахнада өзүн кармай билүү деңгээли бийик артист. Актёрлуктан, бий өнөрүнөн да кабардар. Мындай кишилерди кадырлашыбыз керек. Баарыбыз жардам кылалы. Алдыда көп жылдар сахнада ырдап, шакирттерди даярдасын. Эл аралык фестивалдарга катышсын».

Султан Каримовдун дарыланышы үчүн салым кошом дегендер анын өзүнүн атына «Элсомдон» ачылган 0507 42 05 42 номуруна акча которсо болот.

XS
SM
MD
LG