Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Сооронкулова: Жапаровдун иши боюнча сотко кайрылдык


Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана Канатбек Исаев 29-декабрда Бишкекте билдирүү жасай турганы кабарланды. Бул маалыматты Сооронкулова «Азаттыкка» ырастап, анда дагы бир талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу маселе көтөрүлөрүн билдирди. Ал Жапаровго буга чейин чыккан сот өкүмдөрү жана анын жоюлган-жоюлбаганы тууралуу Бишкектин административдик сотуна кайрылышканын кошумчалады.

«Талапкерлигин көрсөтүп жатканда (ред: Садыр Жапаров) Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселеге эмнеге көңүл бурган жок деп сотко кайрылдык», - деди Сооронкулова.

Бул боюнча Садыр Жапаров жана анын шайлоо штабы комментарий бере элек. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Жапаров президенттикке мыйзамдын чегинде талапкер болуп катталганын айтты.

«Биз бардык талапкерлерге коюлган мыйзамдуу талаптарды аткардык. Алардан керектүү документтерди алгандан кийин гана талапкер кылып каттаганбыз. Эшматов же Ташматовго карабай документ толук берилгенден кийин катталат».

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

2013-жылы 6-августта Жогорку сот бийликти күчкө салып тартып алуу беренеси боюнча Ташиев менен Жапаровду бир жыл беш айдан, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларын бир жылдан кескен. Бирок үч саясатчы жаза мөөнөтүн аяктап бүткөндүктөн камалган эмес.

Жапаров дагы бир кылмыш иш - «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кайра кармалган. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл, алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Быйыл октябрь окуяларынан кийинки тополоңдо Кыргызстанда бийлик алмашып, Жогорку сот Жапаровдун ишин кайра караган. Жапаров өзү Жогорку соттун чечими жокко чыгарылганын 9-октябрда билдирген. Ушул эле күнү Жогорку сот Жапаровду актаган чечим чыкпаганын, мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөнүн кабарлаган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG