Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Быйыл дүйнөдө кесибине байланыштуу 50 журналист өлтүрүлдү


Оогандык журналисттер кесиптеши Ильяс Дайинин өлүмүн иликтөөнү талап кылышууда. Лугар, 4-декабрь 2020-жыл.
Оогандык журналисттер кесиптеши Ильяс Дайинин өлүмүн иликтөөнү талап кылышууда. Лугар, 4-декабрь 2020-жыл.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму быйыл журналисттик ишмердигине байланыштуу 50 киши өлтүрүлгөнүн билдирди. Медиа тармакта иштеген адамдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн арасында Ооганстан менен Пакистан аталды.

Парижде жайгашкан уюм ырастагандай, каза болгон кабарчылар негизинен коррупциянын, уюшулган кылмыштуу топтордун же экологияга байланышкан маселелердин бетин ачкандыгы үчүн киши колдуу болуп өлгөн. Жети медиа кызматкер демонстрациялардан репортаж берип жатканда курман болгон.

Соңку 10 жылда журналисттик кесибине байланыштуу кеминде 937 киши өлтүрүлгөн. Былтыр 53 журналисттин көзүн тазалашкан. Бул жагынан Мексика эң кооптуу өлкө бойдон кала берүүдө.

«Чек арасыз кабарчылар уюму» 1995-жылдан бери журналисттерге каршы зордук-зомбулук учурларына көз салып келатат.

Иракта быйыл алты медиа кызматкер кол салуудан каза болду, бирок бир да учур иликтенип, күнөлүүлөр жоопко тартылган жок.

Согуш токтобой келаткан Ооганстанда да беш журналисттин өлүмү үчүн ким жооп берери белгисиз. Бул кайгылуу статистикада «Азаттык» радиосунун ооган кызматынын кабарчысы Ильяс Дайи да бар. Күзүндө анын машинеси жардырылган.

Пакистанда быйыл төрт журналист кесиптик вазийпасын аткаргандыгы үчүн киши колдуу болуп өлдү.

Андан тышкары быйыл жүздөгөн журналисттер COVID-19 илдетинен көз жумду. Бирок уюм канчасы иш үстүндө вирус жугузуп алганын аныктоо мүмкүн эмес экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG