Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Орусия коронавирустан өлгөндөр расмий санактан көп экенин моюнга алды


Санкт-Петербург шаары, 15-декабрь, 2020-жыл.
Санкт-Петербург шаары, 15-декабрь, 2020-жыл.

Орусия коронавирустан өлгөндөрдүн санын азайтып көргөзгөнүн, чыныгы статистика жарыялангандан үч эсе көп экенин моюнга алды. Жаңы маалыматты эске алганда Орусия өлүм-житим боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки 3-орунда турат.

28-декабрда «Росстат» агенттиги жарыялаган маалыматка караганда январдан ноябрга чейин өлкөдө түрдүү себептерден өлгөндөр былтыркы ушул эле мөөнөткө караганда 229 700 кишиге көп болду.

Вице-премьер министр Татьяна Голикованын айтымында, өлүмдөрдүн 81% көбү COVID-19 жана анын кесепеттерине туура келет.

Ошентип, 186 миңден ашуун орусиялык бул илдеттен көз жумду. Бирок расмий санактарда 54 жарым миңдин айланасында деп айтылып келатат. Инфекциялангандар үч миллиондон ашты.

Сырткы байкоочулар Москва пандемиянын таасирин башынан эле азайтып көрсөтүп жүргөнүн белгилешет.

Бир нече жума мурун президент Владимир Путин Орусия Батышка караганда пандемияны жакшырак ооздуктады деп толук карантин киргизүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG