Франциялык белгилүү модельер Пьер Карден бүгүн 99 жашында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун үй-бүлөсү «France-Presse» агенттигине билдирди.
Карден - азыркы жогорку жарашык (мода) өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1960-жылы биринчи болуп эркектер үчүн коллекциясын тартуулаган. Биринчилерден болуп дизайнердик кийим-кечени массалык дүкөндөрдө сата баштаган.
Модельер Италиянын Тревизо шаарынын жанында төрөлгөн. Бала чагында ата-энеси менен Францияга көчүп барган. 14 жашында эле кийим тигүү тармагында эмгектене баштаган, «Paquin» жарашык үйүндө иштеген, кийин Кристиан Диордун жарашык үйүндө башкы дизайнер болгон.