Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Британ парламенти Евробиримдик менен жаңы соода келишимин колдоду


Борис Жонсон.

Улуу Британиянын парламентинин Өкүлдөр Палатасы Евробиримдик менен соода келишимин жактырды.

Документти 521 депутат колдоп, 73ү каршы добуш берди. Ага чейин премьер-министр Борис Жонсон парламентке кайрылып, соода келишимин колдоо менен «өлкө тарыхындагы жаңы бөлүмдү ачууга» парламентарийлерди чакырган.

Жонсон «Британия Евробиримдиктин эң жакын өнөктөшү бойдон калат» деп белгилеген.

Британ парламентинин Өкүлдөр Палатасы келишимди жактыргандан кийин документ Лорддор Палатасына жөнөтүлдү.

Расмий Брюссел менен Лондон бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн кийин 25-декабрда мунасага келген. Жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Ал 2021-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек. Бул документ эки тарап ортосундагы балык улоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду.

Биримдиктин атынан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен келишимге кол коюшту. Бүгүн түштөн кийин британ аба күчтөрүнүн учагы менен документ Лондонго жеткирилип, премьер-министр Борис Жонсон кол койду.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG