Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Пневмониядан каза болгондор 2,3 эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-октябрь айларында пневмониянын 30 миң учуру катталды.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% көп экенин Улуттук статистика комитети билдирди. 2019-жылдын он айында өпкөсү кагынгандар 26 миң адамга жеткен.

Былтыр январь-октябрь айларында пневмониядан 505 адам каза болгон. Ал эми быйыл он ай ичинде бул илдеттен 1 189 киши жумду.

Өткөн жылдын алгачкы он айында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда тогуз өлүмдү түзгөн. 2020-жылы ал 22 жетип 2,3 эсе көбөйдү.

Өпкөсү кагынып каза болгондордун көбү Чүйдө – 41 адам. Нарын облусунда – 35, Бишкек шаарында – 29, Талас менен Ысык-Көлдө – 27ден киши, калган аймактарда 10дон 13 адамга чейин жетет.

Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус күчөгөн жай айларында пневмонияга чалдыккандар кескин көбөйгөн. Саламаттык сактоо министрлиги башта өпкөсү кагынгандарды коронавирустун статистикасынан өзүнчө санаган. Кийинчерээк пневмония болгондор жана андан каза тапкандар COVID-19га кошулуп эсептеле баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG