Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Өзбекстан жана Кыргызстан транспорттук коридорду өнүктүрүү маанилүү экенин белгилешти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын жана Кыргызстандын бийлиги аймактагы транспорттук коридорду өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар. Бул тууралуу 30-декабрда Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүүсүндө белгиленгенин өзбек тарап маалымдады.

Мамытов жана Мирзиёев Жаңы жылга карата куттуктоо айтып, эки тараптуу мамилени талкуулашты.

Мамытов Кыргызстан Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө умтуларын айтты. Ошону менен катар Өзбекстанга коронавируска каршы күрөштө көрсөтүп жаткан колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдиргенин Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө өнөр жай кооперациясы, аймактагы транспорттук коридорду өнүктүрүү маанилүү экени да белгиленди.

Өзбекстан COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга медициналык жана гуманитардык жардам берип келет. 22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу оорукана ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG