Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Бишкек: Быйыл Жаңы жылдын түнүндө коомдук транспорт 12ге чейин гана иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкектеги коомдук автоунаа түнкү саат 12ге чейин гана иштейт. Мэриянын маалыматына караганда, автобустар, маршруттук кичи автобустар жана №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбустар түнгө чейин жүрүп турат.

Эртең, 1-январда автобустар жана троллейбустар эртең мененки саат сегизден кечки сегизге, ал эми маршруттук кичи автобустар түнкү 12ге чейин линияда болушат.

Борбор калаада жүргүнчүлөрдү муниципалдык транспорттук ишканалардан тышкары маршруттук жеке компаниялар да тейлешет.

Былтыр Жаңы жылдын түнүндө баш калаада коомдук автоунаа түнкү үчкө чейин иштеген.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкөдө көптөгөн чектөөлөр киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG