Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Орусия элчиси: Кыргызстан менен Эриш-аркак жылынын иш-чаралары уланарына үмүттөнөм


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия быйыл Кыргызстан менен жарыяланган Эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чаралар уланарына үмүттөнөт. Бул тууралуу 31-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Элчи быйыл Орусия Кыргызстандын эли менен тилектештигин иш жүзүндө көрсөтүп, пандемия учурунда кол сунганын, орусиялык дарыгерлер коронавируска чалдыккан бейтаптар дарылануучу «кызыл зонада» иштегенин, олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Удовичено: «Орусия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылынын иш-чаралары кыскартылган форматта болсо да уланып жатты, аларга дагы кайрылып келебиз деп үмүттөнөм», - деп айтты.

2020-жылды эки өлкө Эриш-аркак жылы деп жарыялаган. Кыргыз тарап пандемиядан улам көп иш-чаралар өткөрүлбөй калганын, жылдын жабылыш аземи 2021-жылга калганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG