Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Ооганстандагы бомба чабуулунда президенттик аппараттын кызматкери жарадар болду


Ооганстандын борбору Кабул шаарында 31-декабрда машинеге коюлган бомба жарылып, президент Ашраф Ганинин аппаратынын кызматкери катуу жарадар болду, анын айдоочусу мүрт кетти. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, аппараттагы консультативдик бөлүмдүн башчысынын орун басары Жавид Валинин машинесине кимдир-бирөөлөр бомбаны жабыштырып кетишкен.

Кабул полициясынын өкүлү Фердоус Фарамарз чабуулдун айынан жалпысынан үч адам жабыркаганын кабарлады.

Кол салууну ким уюштурганы белгисиз. Бул өлкөдө кийинки айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди, дин ишмерлерин, саясатчыларды жана укук коргоочуларды бутага алып, кол салган учурлары көбөйдү.

Ушул жылдын сентябрь айында дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча ооган өкмөтү менен «Талибан» Катарда көзмө-көз сүйлөшүү баштаган. Бирок андан азырынча жыйынтык чыга элек.
Тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйылган жок.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG