Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Молдовада өкмөт башчынын милдетин Аурел Чокой аткара баштады


Аурел Чокой.
Аурел Чокой.

Молдованын президенти Майя Санду өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу кылып Аурел Чокойду дайындады. Бул тууралуу 31-декабрда Санду «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Чокой буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеп келген.

Өлкөнүн буга чейин премьер-министри Ион Кику өткөн аптада кызматтан кеткен. Анын кабинетиндеги министрлердин көбү – москвачыл мурдагы президент Игорь Додонду колдогондор болчу. Премьердин милдетин аткара баштаган Аурел Чокой да буга чейин Додондун тышкы саясат боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Молдованын Конституциясына ылайык, президент премьердин милдетин аткаруучу кылып иштеп жаткан өкмөттөгү министрлердин бирин дайындаш керек.

Өткөн жылдын ноябрындагы шайлоодо жеңишке жетишкен Майя Санду 24-декабрда кызматка киришкен. Ал учурдагы парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрүүнү сунуш кылып келет.

Санду буга чейин жетектеп кеткен «Аракет жана тилектештик» партиясынын мүчөлөрүнүн парламентти таратуу боюнча сунушунун негизинде Конституциялык сотко кайрылган.

31-декабрда президент бул арыз бир нече күндөн кийин сотто караларын билдирди.

XS
SM
MD
LG