Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

COVID-19 бир күндө дагы 58 кишиден табылып, илдеттен эки киши көз жумду


Бишкек. Архив. Жарандын дене табын текшерип жаткан адис.
Бишкек. Архив. Жарандын дене табын текшерип жаткан адис.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы эки кишинин өмүрүн алды.

Бир күндө вирус дагы 58 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 214 адамды түздү. Анын 76 351и сакайганы айтылды. Бир күндө 203 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1358 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG