Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:16

COVID-19 бир күндө дагы 91 кишиден табылып, илдеттен бир киши көз жумду


Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтапты дарылап жаткан Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери. 28-апрель, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды.

Бир күндө вирус дагы 91 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 305 адамды түздү. Анын 76 563ү сакайганы айтылды. Бир күндө 212 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1359 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG