Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

Иран Түштүк Кореянын желеги астындагы танкерди кармады


Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегеран Ормуз кысыгында Түштүк Кореянын желеги астында сүзүп жүргөн мунай танкерин кармаганын билдирди. 4-январда чыккан кабарга караганда, «MT Hankuk Chemi» деген кеме «мунай менен деңизди булгаган» деген себеп менен токтотулган. «Фарс» агенттиги танкерди Иран революциясынын сакчылары корпусунун деңиз күчтөрү кармашканын маалымдады.

«MarineTraffic.com» сайтындагы сателлиттен тартылган сүрөттөрдө кеме Бандар Аббас портунда турганын көрсө болот. Бирок эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Танкер Сауд Арабиясынан Бириккен Араб Эмираттарына бараткан. Кеменин ээлеринен комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Бул окуя чөлкөмдө чыңалуу күчөп жаткан кезде болду. Туура бир жыл мурун Багдаддын жанында америкалык дрондун соккусунан ирандык таасирдүү генерал Касем Сулеймани мерт болгон. Бир жылдыкты утурлай АКШ Перс булуңуна өзөктүк суу астында сүзүүчү кемесин жөнөткөн, америкалык согуштук учактар аймакты айланып чыккан.

XS
SM
MD
LG