7-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -4…+1;
Баткен облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -28…-33, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17 күндүз -3…-5 градус болот.