Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Полиция Трамптын тарапташтарын Капитолийден сүрүп чыгарды


АКШ, Вашингтон. 6-январь, 2020-жыл.
АКШ, Вашингтон. 6-январь, 2020-жыл.

АКШнын баш кааласы Вашингтондо полиция Конгресстин имаратына бастырып киришкен президент Дональд Трамптын тарапташтарын сүрүп чыгарды. Полиция имарат тазаланганын, коопсуздук камсыздалганын билдирди.

Башаламандыктан кийин Вашингтондо 7-январда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

6-январда Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан. Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароону талап кылган.

Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан учурда алардын бир тобу Капитолийдин имаратына бастырып киришти.

Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды. Полиция кырдаалды көзөмөлгө алганга чейин Трамптын тарапташтары Капитолийдин ичин аралап жүрүштү. Ал эми имараттын сыртында миңдеген киши чогулуп турду.

Имаратка бастырып киргендердин айрымдары Трампты колдогон ураандарды чакырып, полиция менен кагылышты.

Имаратты басып алуу учурунда ок жеген аял ооруканада каза болгонун Вашингтондун полициясы ырастады. Кайтыш болгон аялдын аты-жөнү жана окуянын чоо-жайы кабарлана элек, иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

XS
SM
MD
LG