Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

АКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоодо демократ Жон Оссофф утту


АКШ. Жоржия штатындагы шайлоочулар.
АКШ. Жоржия штатындагы шайлоочулар.

АКШнын Жоржия штатындагы Сенатка шайлоонун экинчи айлампасында демократ Жон Оссофф жеңип чыкканы кабарлаyды. Бул тууралуу америкалык бир нече маалымат каражаты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Оссофф шайлоочулардын добушунун 50,3 % алса, анын атаандашы республикачы Дэвид Пердью 49,7 % ээ болгон.

33 жаштагы Жон Оссоффтун жеңиши аны АКШдагы эң жаш сенатор кылат жана демократтарга Сенаттагы көпчүлүктү ээлөөгө жардам берет.

Буга чейин Жоржия штатынан Сенатка дагы бир мандатты демократ Рафаэл Уорнок уткан.

Мындай жыйынтык шайланган президент Жо Байденге мыйзам чыгаруу жаатындагы демилгелерин ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр Палатасында Демократиялык партия көпчүлүккө ээ.

XS
SM
MD
LG