Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Вашингтондо коменданттык саат киргизилди


АКШнын баш кааласы Вашингтондо 7-январь таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыялады. Мындай чечимди Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер жарыялады. Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийдин имаратына кирип барышты. Бул учурда имаратта Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан. Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды. Алардын айрымдары залдагы столдорго жашынган сүрөттөр жарыяланды.

Кошмо жыйынды алып барып жаткан вице-президент Майк Пенсти коопсуздук кызматкерлери алып кетишти.

Полиция кырдаалды көзөмөлгө алганга чейин Трамптын тарапташтары Капитолийдин ичин аралап жүрүштү.

Ал эми имараттын сыртында болсо миңдеген чогулуп турат. Алардын айрымдары Трампты колдогон ураандарды чакырып, полиция менен кагылышты.

Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасында тарапкерлерине кайрылып тынчтыкты жана мыйзамды сактоо чакырды.

6-январда Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан. Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG