Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Мамытканов: Шайлоону таза өткөрөбүз деген убадабыздан тайбайбыз


Максат Мамытканов, вице-премьер-министр.
Максат Мамытканов, вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январдагы президенттик шайлоо жана референдум калыс өтөрүнө 6-январда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында убада берди:

«Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. «Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз» деп убада бергенбиз. Убадабыздан тайбайбыз».

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабдын 6-январдагы жыйынында да даярдык жогорку деңгээлде экени айтылган. Штабды Максат Мамытканов жетектейт.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө 6-январга чейин мыйзам бузуу боюнча 50 факты катталды. Анын 15и Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине түшүп, териштирүү жүрүп жатат. Ал эми 35и тастыкталбагандыктан, мыйзам бузуу жок деп табылган.

5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна жөнөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG