Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү пландалууда


Бишкектеги жыйын. 8-январь, 2021-жыл.
Бишкектеги жыйын. 8-январь, 2021-жыл.

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артём Новиков борбор шаарда абанын булганып жаткан себептердин бири - Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жагылган көмүр экенин айтып, аны газга өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, эксперттер менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

8-январда Бишкекте Новиков экологдор менен жолугуп, Бишкекти ыштан арылтуунун жолдорун талкуулады.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы акыркы жылдары кооптуу чектен ашканын көрсөтүүдө.

Уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, 8-январга караган түнү баш калаанын айланасында абанын сапатынын индекси (AQI) 700дөн ашты.

Шаар четиндеги Сокулук, Новопавловка, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда ушул аптада индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашты. Негизи, индекс 50дөн ылдый болушу керек.

Экологдор, активисттер, дарыгерлер Бишкектин абасына байланыштуу өзгөчө абал киргизүүгө бийликти чакырышууда. Алар баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиктен, элдин саламаттыгы коркунучка кабылганын, бийлик буга чара көрүшү керек экенин айтып жатышат.

«World Air Quality» уюму жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылды.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек.

Бишкектен кийин Кытайдын Ухань, Индиянын Мумбай, Дели, Колката, Пакистандын Карачи, Лахор, Бангладештин Дакка, Казакстандын Нур-Султан сыяктуу ири шаарлары турат. Алардын индекси маал-маалы менен алмашууда.

Бирок Кыргызстандын борбору акыркы күндөрдө биринчи саптан түшпөй турат.

Соңку күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундары да өздөрү жашаган калаанын абасын ыш булгап жатканын айтып, сүрөттөрдү Интернетке чыгарууда. (TSh\SE\NT)

XS
SM
MD
LG