Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Түркиядагы кыргызстандыктарга шайлоо тилкесине барууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядагы кыргызстандыктар бул өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алынганы кабарланды.

Бул тууралуу Анкарадагы элчилик маалымат таратты. Анда элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе ала тургандыгы жазылган.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. 2394 шайлоо участогунун 48и чет мамлекеттерде, алардын экөө Түркияда. Түркиядагы эки шайлоо участогунда 1532 шайлоочу катталган.
Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG