Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Венгрия карантин чектөөлөрүн 1-февралга чейин узартты


Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Брюсселдеги жыйында. 11-декабрь, 2020-жыл.

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан 8-январда мамлекеттик радио аркылуу жасаган билдирүүсүндө «вакциналар жетиштүү санда келмейинче азыркы чектөөлөрдү узарта беребиз» деп билдирди.

Эрежелерге ылайык, кечки сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилет, адамдарга чогулууга тыюу салынат жана тамактануучу жайлар жабык болот.

Мектептин баштапкы класстары жана бала бакчалар иштей берет. Ал эми жогорку класстын окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууну улантышат.

8-январда Венгрияда коронавирус 3 миңдей адамдан табылды, бул илдеттен 115 киши көз жумду.

Премьер-министр Орбан билдиргендей, Венгрия «Pfizer/BionTech» компанияларынын 80 миң дозасын алган. Ал 40 миңдей медкызматкерге сайылды.

Венгрия орусиялыктардын вакцинасын сыноого катышып, «Sputnik V» вакцинасынын биринчи партиясын алган. Өкмөт ошондой эле вакцина боюнча Кытай жана Израил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG