Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ооган президенти Гани талибдер менен жагымдуу маанайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү каалайт


Оогна президенти Мухаммед Ашраф Гани Жалалабад шаарындагы калайык менен жолугушту. 2021-жылдын 8-январы.
Оогна президенти Мухаммед Ашраф Гани Жалалабад шаарындагы калайык менен жолугушту. 2021-жылдын 8-январы.

Ооганстандын президенти Мухаммед Ашраф Гани өзүнүн максаты – бийликти “шайлоо жолу менен аныкталган мураскорго” өткөрүп берүү экендигин жана талибдер менен жагымдуу маанайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү жактаарын айтты. 8-январда өлкөнүн биринчи айымы Рула Гани менен чогуу америкалык Си-Эн-Эн сыналгы каналына маек куруп жатып, президент Гани ооган өкмөтү менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасынын башталышына карата өз оюн айтты.

9-январда Катарда кайра жанданып жаткан бул тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн айрым жагдайлар талап кылынаарын Гани баса белгиледи.

Анын ичинде Ооганстандын эл аралык коомчулук да каалагандай эгемен, демократиялык, бирдиктүү мамлекет катары тынч жашоосу көңүл чордонунда болушу керектиги айтылды. “Эгерде ушул максат кабыл алынчу болсо, анда биз алга карай жыла алабыз”, – деди Гани.

Ооган президенти Гани эл эрки менен шайлоо аркылуу аныктала турган болочок мураскоруна бийликти өткөрүп берүү – өзүнүн башкы мүдөөсү экендигин тастыктады. (TT)

XS
SM
MD
LG