Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

Сооронбай Жээнбеков кайсы башкарууну тандаганын сураган журналистке «президенттик» деп жооп берди

Сооронбай Жээнбеков, экс-президент.
Сооронбай Жээнбеков, экс-президент.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 10-январь күнкү референдумда журналисттин «Референдум боюнча кайсы форманы тандадыңыз?» деген суроосуна «президенттик» деп кыска жооп берди.

Экс-президенттин добуш берүүдөн чыгып кетип бараткандагы кыска комментарийи жазылган видеону reporter.kg порталы жарыялады. Анда экс-президенттин жообу чала угулганы менен, журналисттер аны «президенттик» деп кабылдашты.

Бишкектеги №5 мектептин имаратындагы добуш берүү тилкесине жансакчылардын коштоосуна келген Жээнбеков референдум жана президенттик шайлоо боюнча кеңири пикирин кийин айтарын билдирди.

62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. Ал буга чейин парламенттик башкарууну көздөгөн президент катары белгилүү.

2020-жылдын октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан кийин кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берүүгө мажбур болгон.

Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. (SE)

​
XS
SM
MD
LG