Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген 3,5 миңден ашык шайлоочу добуш берди


Ош шаарындагы шайлоо участокторунун биринде тартылган сүрөт.
Ош шаарындагы шайлоо участокторунун биринде тартылган сүрөт.

Ош шаарында күн мурунтан шайлоо участогунан тышкары күн мурун добуш берүүгө 4535 шайлоочу арыз менен кайрылса, алардын 3,5 миңи добуш берген. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) билдирди.

АШКнын маалыматы боюнча, бир нече мыйзам бузуу катталып, териштириш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Мекемеден канча мыйзам бузуу фактысы катталганын так санын айтышкан жок.

9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участкасында көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тараган. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлаган.

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашык, алар 87 шайлоо участкасында добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (DU)

XS
SM
MD
LG