Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Ош: Көчмө урна менен добуш берүүдөгү мыйзам бузуу териштирилүүдө


Ош шаары. 8-январь, 2021-жыл.
Ош шаары. 8-январь, 2021-жыл.

9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участкасында көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тарады. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлады.

Ага чейин социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсүндө шайлоо купуялуулугу сакталбаганы тууралуу тасма тараган.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров, тасмадан мыйзам бузуу болгонун аныктай алышпаганы үчүн кызматкерлер териштирүү максатында видео тартылган жерге кеткенин айтты.

«Кайсы жерде болгону такталды. Азыр барып текшерип келебиз. Биз да Интернеттен көрдүк ал тасманы. Бул жерде алардын колундагы кагаз эмне экени байкалбай жатат. Барып текшермейинче айта албайбыз», - деди Расул Кадыров.

БШКнын маалыматында Ош шаарында 4595 киши күн мурунтан добуш берүүгө арыз менен кайрылган. Калаанын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашат.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. (DU)

XS
SM
MD
LG