Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Депутат Акаев жана анын жубайы үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалыматты четке какты


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Бир катар сайттар Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанарбек Акаев жубайын сабаган деп жазып чыгышты. Андагы маалыматтар боюнча депутаттын жубайы үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган.

Аталган райондук милициянын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат таратып, 8-январда саат 13:30дарда Турусбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча чалуу болгонун билдирди.

Патрулдук милиция барганда К.Ж. аттуу адам аны жолдошу сабаганын айтып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз берген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жанарбек Акаев бул боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына «Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. «Жанар Акаев аялын сабады» деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», - деп жазды.

Анын жубайы «Twitter» социалдык тармагындагы баракчасына бардыгы жайында экенин, өзү эч кандай арыз жазбаганын тастыктады.

XS
SM
MD
LG