Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Ош шаарындагы мектептер 14-январдан баштап толук ишке кирет


Бишкек шаарындагы мектептердин бири.
Бишкек шаарындагы мектептердин бири.

Ош шаарында мектептердин 14-январдан тартып толук иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэрия кабарлады.

Мындай чечимди Ош шаарындагы Жарандык коргонуу штабы чыгарган. Буга чейин 1-класстан 4-класска чейин жана 11-класс окуп келген.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, дарыгерлер санитардык талаптарды көзөмөлдөйт. 11-январдан тартып мамлекеттик бала бакчалардын жогору жаштагы жана мектепке даярдоочу тайпаларынын иштешине уруксат берилди», - деди Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Жакынкы күндөрү бала бакчалардын толук иштешине да баскыч-баскыч менен уруксат берилери кабарланды.

Ош шаарында жалпы 81 мектеп бар, анын 55и мамлекеттик мектеп. 70теп ашуу бала бакча болсо, анын 44ү мамлекеттин карамагында.

Бишкек мэриясынын буга чейинки маалыматына караганда баш калаадагы мектептер да 18-январдан баштап толук иштей баштайт. (DU)

XS
SM
MD
LG