Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Садыр Жапаровдун шайлоо штабы Кытай лидери куттуктоо жибергенин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстандагы президенттик шайлоодо көп добуш алган Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктаганын талапкердин шайлоо штабынын басма сөз кызматы 12-январда билдирди.

Анда Кытай лидери Жапаровго ийгилик каалап, «Бир алкак - бир жол» долбоорунун алкагында эки өлкөгө тең ыңгайлуу болгон кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин айтканы кабарланды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Вашингтон Садыр Жапаровду президент болуп шайланды деп тааный турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар шайлоо жыйынтыгын тааныганын жарыялашты. Казакстандын, Орусиянын, Түркиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери, Иран жана Британиянын лидерлери Жапаровго куттуктоо жиберишти.

Кыргызстанда 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров 79% ашуун добуш менен алдыга чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG