Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат


Алмазбек Атамбаев жана анын санаалашы Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана анын санаалашы Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат. Атамбаевдин адвокаттары билдиришкендей, сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышканы жатат.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери бириктирилип каралууда. Алар Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупцияга байланышкан кылмыш иштери.

Быйыл январда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнүн адвокаттар билдиришкен. Маалыматка караганда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.

Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган. Иш кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Райондук ишти кайрадан 10-декабрда кароого киришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG