Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

«Супара» интерактивдүү музейи негизделди


«Супарадагы» интерактивдүү музей.
«Супарадагы» интерактивдүү музей.

«Супара» этнокомплексинин өкүлдөрү билдиришкендей, музейде кыргыз маданиятынын сейрек кездешүүчү экспонаттары, түрдүү тиричилик шаймандары, жасалгалары, ошондой эле кол өнөрчүлүктү жана тиричиликти чагылдырган миниатюралар коюлган.

Музейди ачууну «Шоро» компаниясынын жана «Супаранын» негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев көзү тирүү кезинде максат кылып, ишке ашыра албай калган эле.

Аталган этнокомплекстин өкүлдөрү бүгүн, 14-январда анын расмий ачылышын өткөрүү пландалып, бирок экспонаттар толукталып жаткандыктан кийинкиге жылганын билдиришти.

Публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 14-январында Жайыл районунун Кызыл-Ой айылында төрөлгөн. 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Ал 1990-жылы май айында «Кыргызстан» демократиялык кыймылы (КДК) саясий блогун негиздөөгө катышып, анын башкармалыгынын мүчөсү болгон жана Кыргызстанды демократиялаштыруу жараянына салым кошкон.

Ал эми 1992-жылы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган «Шоро» компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу «Супара», «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекстерин түптөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG