Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Түркмөнстанда армияга барбаган "Жахабанын күбөсү" экинчи жолу соттолду


Руслан Артыкмурадов армияга баруудан баш тартканы үчүн биринчи жолу 2018-жылы 18 жашында эркинен ажыратылган жана 2019-жылы августта түрмөдөн чыккан.
Руслан Артыкмурадов армияга баруудан баш тартканы үчүн биринчи жолу 2018-жылы 18 жашында эркинен ажыратылган жана 2019-жылы августта түрмөдөн чыккан.

Түркмөнстанда диний ишениминен улам аскерде кызмат кылуудан баш тарткан "Жахабанын күбөлөрү" диний агымынын мүчөсү экинчи жолу соттолду. "Азаттыктын" түркмөн кызматы Нью-Йорктогу "World Witness" уюмуна шилтеме кылып Руслан Артыкмурадовго сот өкүмү 11-январда чыкканын жазды.

Артыкмурадов армияга баруудан баш тартканы үчүн биринчи жолу 2018-жылы 18 жашында эркинен ажыратылган жана 2019-жылы августта түрмөдөн чыккан.

"Жахабанын күбөлөрүнө" диний ишеними форма кийип, курал кармоого жол бербейт. Аталган диний уюмдун билдиришинче, Түркмөнстанда 2010-жылдан тартып аскерге баруудан баш тарткан 45 адам соттолгон. Ушул тушта алардын онго жакыны абакта отурат.

Тажикстанда да бул диний уюмдун аскерге баруудан баш тарткан жолдоочулары соттолгон учурлар катталган. Расмий Дүйшөмбү «Жахабанын күбөлөрүнүн» ишмердигине 2008-жылы эле тыюу салган.

Кыргызстанда диний ишеними курал кармоого жана аскерде кызмат өтөөгө жол бербеген бербеген жарандар аскерге барбай коё алат. Мындай мыйзам 2015-жылы кабыл алынган жана ага ылайык, диний ишениминен улам армиядан калган жарандар мамлекетке акча төлөйт.

XS
SM
MD
LG