Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Кыргызстанда болжолдуу 6,4 млрд. тоннадан ашуун көмүр кору бар


Бишкек ЖЭБи. 2020-жыл.
Бишкек ЖЭБи. 2020-жыл.

Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд. тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени бар. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд. тонна, Өзгөн кесиминде Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегенек кендеринде 1,08 млрд. тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн. тонна, Кара-Кечеде 400 млн. тоннадай көмүр бар. Учурда көмүрдүн өнөр жай корун өздөштүрүү 0,13 % түзөт.

Мындай маалымат вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр казуу тармагынын абалы боюнча өткөргөн кеңешмеде белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт берген маалыматка ылайык, 2010-2020-жылдар аралыгында көмүр казуунун көлөмү 570 миңден 2 млн. 460 миң тоннага чейин арбыды. 2019-жылдын май айына чейин көмүр кендерине 187 лицензия берилген. Анын 114ү иштетүүгө, 71и долбоорлоо баскычында. 2019-жылы лицензиялык келишимдин негизинде ишканалар 3 млн. 746 миң тонна көмүр өндүрмөк, бирок жыйынтыгында 1 млн. тоннадай аз казылган.

Жыйында Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) үчүн жергиликтүү көмүр ташуу көлөмүн арбытуунун негизинде Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын ишин жакшыртуу маселеси козголду.

Бирок буга чейин Бишкек мэриясы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Кара-Кече көмүрү ЖЭБге ылайыксыз экенин билдирип, аны калааны каптаган ыштын бир себеби катары көрсөтүшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG