Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

АКШ: Улуттук гвардиячылар Вашингтондо мартка чейин калышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Улуттук гвардиясынын жети миңдей жоокери өлкөнүн борбор калаасында март айынын ортосуна чейин калат. Бул тууралуу ишемби күнү журналисттерге гвардия башчысы Дэниел Хокансон билдирди.

Анын айтымында, аскерлер федералдык күч түзүмдөрүнө башаламандык коркунучун жоюуга жардам берүү үчүн Вашингтондо дагы болжол менен жети апта болушат. Генерал белгилегендей, аскерлердин саны кырдаалга жараша өзгөрүшү ыктымал.

“Эй-би-си” телекомпаниясы билдиргендей, АКШнын атайын кызматында америкалык экстремисттик топтор Вашингтондо башаламандык уюштурушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат бар.

20-январда Кошмо Штаттардын жаңы президенти Жо Байдендин инаугурациясында коопсуздукту сактоо максатында Вашингтонго 25 миңдей гвардиячы тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG