26-январда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -10...-15° болот.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12° суук, күндүз 1…3° болот.