Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Абдил Сегизбаевдин УКМКда сурак берип жатканы кабарланды


Абдил Сегизбаев, УКМКны жетектеп турган жылдары тартылган сүрөт.
Абдил Сегизбаев, УКМКны жетектеп турган жылдары тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКда жети сааттан бери сурак берип жатканы жөнүндө кабар “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланды. Анда Сегизбаевдин күбө катары сурак берүүгө атайын кызматтын чакыруу кагазы тиркелген.

УКМКнын маалымат кызматы фактыны тактап маалымат берерин билдирди.

24.kg жана kaktus.media сайттары «Белизгейт» чатагы боюнча козголгон кылмыш ишинде Сегизбаев шектүү катары өтүп жатканын жеке булактарына таянып жазды. «Азаттыктын» ишенимдүү булагы «Ата-Мекен» фракциясынын ошол кездеги лидери Алмамбет Шыкмаматовдун 2017-жылы «Белизгейт» боюнча Башкы прокуратурага жазган арызы кайрадан тергелип жатканын билдирди. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Абдил Сегизбаев Аскер прокуратурасына чакырылган" деген жообун берди.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттардын 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

Абдил Сегизбаев 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG