Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Коронавирустун Бразилияда чыккан түрү Кошмо Штаттарда пайда болду


Коронавирустан жакынын жоготкон Бразилиянын жараны.
Коронавирустан жакынын жоготкон Бразилиянын жараны.

Коронавирустун Бразилияда чыккан түрү Кошмо Штаттарда пайда болду. Вирус Латын Америкасына барып келген Миннесота штатынын тургунунан табылган. Ушундан улам бийлик чет жакка саякаттоону чектөөнүн үстүнөн ойлонуп жатат.

АКШнын президенти Жо Байден 25-январда Британиянын, Ирландиянын жана Европанын көп мамлекеттеринин жарандарына Америкага барууга чектөө киргизген. Ошондой эле Түштүк Африкада болгон адамдардын келишине да тыюу салынган. Ал жакта чыккан коронавирустун жаңы түрү да адистерди түйшөлтүп жатат.

Бир күн мурда «Модерна» компаниясы алардын вакцинасы Түштүк Африка штаммына туруштук бере аларын жарыялаган.

Азыр эксперттерди кооптоондурган коронавирустун жаңы үч түрү бар. Алар Британияда, Бразилияда жана Түштүк Африкада чыккан штаммдар. Британияда чыккан түрү жугуштуу гана болбостон, андан өлүм да көп болушу мүмкүн экенин расмий Лондон өткөн аптада билдирген.

XS
SM
MD
LG