Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Иранда вице-президенттин агасы эки жылга кесилди


Ирандын биринчи вице-президенти Ишак Жахангирдин агасы Мехди Жахангир.
Ирандын биринчи вице-президенти Ишак Жахангирдин агасы Мехди Жахангир.

Иранда биринчи вице-президент Ишак Жахангирдин агасы каржылык махинацияларга байланыштуу айыпталып, эки жылга кесилди. Сот системасынын өкүлү Голамхоссейн Эсмаили 26-январда билдиргендей, Мехди Жахангир 847 миң доллардан ашуун акчаны аткезчилик жолу менен чыгарып кеткен.

Жахангир каражатты кайтарууга милдеттендирилди. Ал Тегеран соода палатасынын башкармалыгына кирчү жана «Gardeshgari Bank» деген жеке менчик банкты негиздеген. Ал 2017-жылы камалып, жарым жылдан кийин күрөөгө коё берилген.

2019-жылы президент Хасан Роуханинин бир тууганы Хоссен Ферейдун жемкорлукка барган жана пара алган деген кине менен беш жылга кесилген. Ферейдун ага коюлган айыптарды четке кагып, Ирандын сот системасын сынга алган.

Роуханинин тарапташтары окуяны консервативдүү күчтөрдүн президенттин беделин түшүрүү аракети катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG