Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Жогорку Кеңеште майып балдарга кыргыз тилинде билим берүү маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга билим алуусу үчүн кыргыз тилинде атайын мектеп же бала бакча жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-январдагы жалпы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

«2017-жылы бул маселе министрликте көтөрүлгөн. 2021-2022-окуу жылга кыргыз тилинде билим берүүнүн программасын иштеп чыгуу каралууда. Бирок бизде майыптыгы бар адамдар мурдагы Советтер Союзунан калган программа боюнча орус тилинде билим алышат».

Расмий маалыматка караганда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 14 бала бакча бар, 9-класска чейин билим алган 18 орто мектеп иштеп жатат. Беш миңден ашуун бала орто мектепте билим алат.

Майыптыгы бар адамдарды кесипке үйрөтүү үчүн Бишкектеги кесиптик-техникалык окуу жайларында 15 атайын программа иштеп жатат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Алардын 29 миңден ашууну балдар.

Жогорку Кеңештин 27-январдагы отуруму айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап жатат. Бул өзгөрүүлөр майыптыгы бар жарандарга билим берүүнүн айрым маселелерин жөнгө салат. Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев иштеп чыгып, сунуш кылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG