Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Аймактарга 21 жаңы «Тез жардам» автоунаасы берилет


Каракол шаарындагы эскилиги жеткен «Тез жардам» автоунаасы.
Каракол шаарындагы эскилиги жеткен «Тез жардам» автоунаасы.

Саламаттык сактоо министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы берген каражатка 21 жаңы «Тез жардам» автоунаасын сатып алды.

Бул машинелердин тогузу Баткен, алтоо Чүй, экөө Талас, үчөө Нарын, бирөө Жалал-Абад облусуна берилет.

Машинелерди тапшырып берүү иш-чарасы 27-январда Өкмөт Үйүнүн алдында өттү.

Жалпысынан Ислам өнүктүрүү банкы 66 «Тез жардам» автоунаасын сатып бермек. Буга чейин 45и алынып, аймактарга жана баш калаага таркатылган.

«Тез жардам» машинелеринин жетишсиздиги өлкөдө актуалдуу маселе болуп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG