Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Москвада коронавирус боюнча чектөөлөр жеңилдеди


Автобустун беткапчан айдоочусу. Москва. 7-декабрь, 2020-жыл.
Автобустун беткапчан айдоочусу. Москва. 7-декабрь, 2020-жыл.

Москва бийлиги 27-январдан тартып коронавирус боюнча чектөөлөрдү жеңилдетти. Ага ылайык, барлар, ресторандар жана түнкү клубдар толугу менен ачылат, чоң ишканалардын жумушчулары кеңсеге барып иштесе болот.

Москванын мэри Сергей Собянин «коронавирустун жайылышы боюнча кырдаал жакшырганын» өз блогунда жазды.

Орусия ушу тапта коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 26-январда 20 миңге чукул адамдан инфекция табылды. Каза болгондордун жалпы саны 70 миңден ашты. Серепчилер өлгөндөр мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилеп келет.

Орусияда ушул айда жапырт вакцинация башталды.

XS
SM
MD
LG