Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

COVID-19: Орусияда жапырт эмдөө башталды


Орусияда "Спутник V" вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды.
Орусияда "Спутник V" вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды.

Орусияда соңку бир күндө коронавирус дагы 29 миңден ашык адамдан аныкталды жана пандемия маалындагы кезектеги антирекорд болуп калды. Ооругандардын саны боюнча Москва шаары дале алдыда. Ыкчам штабдын билдиришинче, өпкөнү сезгенткен илдеттен бир күндө 457 бейтап көз жумду.

Ал арада Орусияда "Спутник V" вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды. Ага ылайык, 5-декабрдан тартып Москвада алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык тармакта иштегендер эмделет. Региондордо эмдөө алдыдагы апталарда башталат.

Президент Владимир Путин орусиялыктарды жапырт эмдөөнү 2-декабрда тапшырган. Москва шаарынын мэриясы эмдөө башталган биринчи күнү эле беш миңдей ыктыярчы катталганын маалымдады.

Орусия коронавирустан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири жана ооругандардын саны 2,5 миллион адамга чамалап калды. Илдет 43 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

COVID-19га кабылгандар дүйнө жүзүндө 66,6 миллион адамга жетти, 1,5 миллиондон көп киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG