Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы 14 жылга кесилди


Махмурод Одинаев.
Махмурод Одинаев.

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаев 14 жылга кесилди. Ага карата «Бейбаштык» жана «Экстремизмге чакыруу» беренелери боюнча чечимди Дүйшөмбү шаарындагы Рудаки райондук соту 28-январда кабыл алды. Одинаевдин уулу Хабибулло Ризоев да «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 8 миң сомони (беш миң доллар) айыпка жыгылды.

Ата-бала Одинаевдер өздөрүнө коюлган айыптарды моюнга алышкан жок.

Тажикстандагы Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаев былтыр 20-ноябрда дайынсыз кеткен. Ага чейин Одинаев Дүйшөмбүнүн мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, өлкөдөгү азык-түлүктүн баасынын кымбатташына каршы акция уюштурууга уруксат сураган.

5-декабрда болсо Тажикстандын Башкы прокуратурасы Одинаев Дүйшөмбүдө кармалганын билдирген.

Бийлик октябрь айынын аягында мурдагы аялы жана армияга чакырылган уулу менен Гиссар шаардык аскер комиссариатына келгенде коомдук тарипти бузган деп билдирген. Одинаевдин жакындары мындай доомат негизсиз экенин айтышкан.

Социал-демократтар партиясы Тажикстандагы жападан жалгыз оппозициялык күч болуп саналат. Бул партия өткөн айдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялап, талапкер көрсөтүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG