Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Кабул талибдерди сүйлөшүүгө кайтууга чакырды


Ооган аскери. 21-январь, 2021-жыл.
Ооган аскери. 21-январь, 2021-жыл.

Ооган өкмөтүнүн Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан өкүлү Расул Талиб 31-январда талибдер сүйлөшүүгө кайтпаса, Кабул өз өкүлдөрүн чакыртып алышы мүмкүн экенин эскертти.

«Талибан» кыймылы азырынча буга комментарий бере элек. Топтун өкүлдөрү жакында эле Орусия менен Иранда болуп кайтышкан.

Былтыр жыл башында АКШ менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол коюшкан. Андан кийин Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып келаткан согушка чекит коюу максатында Кабул менен талибдердин ортосунда ички сүйлөшүүлөр башталмак. Сентябрдан берки Катарда уланып жаткан жыйындардан эч бир майнап чыга элек.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы келишимди кайра карап чыгууну көздөп жатканын жакында билдирген.

31-январда «Reuters» агенттиги НАТО уюмундагы өз булактарына таянуу менен чет элдик күчтөр келишимде белгиленген май айынан кийин да Ооганстанда калары боолголонуп жатканын жазды.

29-январда талибдердин өкүлү Аббас Станикзай АКШ өз убадасына туруп, майга чейин аскерлерин чыгарып кетерин күтүп жатышканын айткан.

Ал ошондой эле Ооган президенти Ашраф Ганини «тынчтык орнотууга тоскоолдук жаратып жатканын» айтып, кызматтан кетишин талап кылган.

XS
SM
MD
LG